Асел Кадырбекованын бүгүнкү күнгө карата абалы айтылды

Автокырсыкка кабылып, ооруканада дарыланып жаткан ырчы Асел Кадырбекованын бүгүнкү күнгө карата абалында жылыш бар. Бул тууралуу анын жолдошу Нурлан Насип тарабынан маалым болду.

Айтымында, Аселдин абалы акырындан жакшырууда. "Ал интенсивдүү палатада дарыланып жатат. Күнү-түнү жанындабыз, жылыш бар", - дейт ал.

Окуянын чоо-жайы: Ырчы Асел Кадырбекова 26-июнда Бишкек шаарында жол кырсыгына кабылган. Эки унаанын кагылышуусунан 3 адам жаракат алган. Кырсык көчөгө орнотулган видео байкоого жазылып калган. Травматология жана ортопедия илим изилдөө борборуна жеткирилген ырчы кайра жандандыруу бөлүмүнө эс-учун билбеген абалда жаткырылган.

Бишкек ШИИББи кырсыктын чоо-жайы тууралуу айтып, жол кырсыгын жараткан деп шектелген жаранга карата Свердлов райондук соту тарабынан 1 айга СИЗО-1ге камакка алуу чечими чыкканын маалымдаган. Учурда ооруканада жаткан ырчы Асел Кадырбековага операция жасалган.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (13)
Asel69
2020-07-26 16:17:01
Тенирим колдоп, ден соолук берсин Аселге.
-35
dangerouskg94
2020-07-26 18:42:03
Asel69,ал не Темир? кадимкидей железа алюмин жезби диралюмин дегендей
-10
Accord.396
2020-07-26 20:12:18
dangerouskg94,Темир деп жазылып турабы
+9
talant87
2020-07-26 16:41:32
Тенир деген создун манисин тушундуруп береаласынбы Asel69
+5
Sa89ai
2020-07-26 17:34:07
talant87,мааниси жок созун кантип тушундурот эле,тойгозду ушулар
+1
Asel69
2020-07-26 20:01:04
talant87,
Тенирдин мааниси аллах арабчасы болсо, кыргызча Тенир жаратуучу.
0
Mina24
2020-07-26 17:09:02
Бере албайт Алла деп соз башта
0
Tymar
2020-07-26 18:30:52
Жараткан Тенир колдоп татынакай Асель кызыбыз жакшы болуп кетсин.
-7
erbol1998kg
2020-07-26 18:47:26
Кудай-Тенирге рахмат
-7
Agayu
2020-07-26 19:04:47
Кыргыз эли качанкыча Сен Теңир , сен Мусулман деп бөлүнө бересиңер ? Аллах Таала силерге футбольный командабы ? Жэ Теңир деген Командабы ? Ар ким өзүнө ишенгенине ишенсин , Аллах өзү билет , Аллах улуу күчтүү жоктон бар кылат деген түшүнүгүбүз барго . Мен Альхамду мусулманмын, мен Аллахга гана ишенем , калганын Аллах өзү билет .Мен фанат эмесмин , Мага Аллах бир эле жашоо бердиби, жакшы жашаганга , Аллахты түшүнгөндөй ар бир пендени да түшүнгөнгө аракет кылам .
+8
rola
2020-07-26 19:19:05
Эми Кудайдын сыноосу бул да болсо,дартты берген шыпаасын кошо берсин.Тарткылык экенда.Эч кимдин башына тушпосун.
+4
Shorobashat
2020-07-26 21:10:55
Айыгып кетсин амин
+4
Hadinura
2020-07-26 22:32:49
Аллахым ден соолугун берсин кичинекей балапанынын бактына ар дайым бар болсун
+4
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан