Орусиялык акын Максим Федин жол кырсыгына кабылган ырчы Асел Кадырбековага арнап "Асел Кадырбекова, держись!" (Асел Кадырбекова, күчтүү бол!) аттуу ыр жазды. Бул ырды Максим Федин өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына жарыялады.
Окуянын чоо-жайы: Ырчы Асел Кадырбекова 26-июнда Бишкек шаарында жол кырсыгына кабылган. Эки унаанын кагылышуусунан 3 адам жаракат алган. Кырсык көчөгө орнотулган видео байкоого жазылып калган. Травматология жана ортопедия илим изилдөө борборуна жеткирилген ырчы кайра жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган, эс-учун билбеген абалда. 29-июнга карата абалы өзгөрүүсүз бойдон калып жатат.