1-июлга карата өлкөдөгү коронавирус тууралуу кабарлардын ток этери менен таанышкыңыз келсе...

1-июлга карата өлкө аймагында 73 бейтап коронавирустан айыгып, ооруканадан чыгарылды. Муну менен өлкөгө бул инфекция келгенден бери андан 2 миң 443 адам айыкты.

Сутка ичинде COVID-19 инфекциясы 439 адамдан табылды. Жалпысынан ооруну жугузуп алгандардын саны 5 миң 735 адамды түздү.

Өткөн суткада коронавирус илдети дагы 5 жарандын өмүрүн алды. Анын ичинен үчөө Бишкектин тургундары

Дагы 49 медкызматкер COVID-19 илдетин жуктуруп алганы белгилүү болду. Жалпысынан бул илдет 879 медицина кызматкеринен аныкталды.

"Эпидемиологиялык абал курч! Кошумча даярдалган орундуктар тез эле толуп калды" дейт министрликтин өкүлү.

Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму коронавирус тездик менен өсүп жаткан өлкөлөрдү атады. Тизмеде Кыргыз өлкөсү жана Казакстан да бар.

Бишкекте 700дөн ашуун бейтап пневмониядан дарыланып жатат. Анын ичинен 79 жарандын абалы өтө оор экени айтылды. Бишкек шаарынын аймагындагы мекеме, ишканалардын иштөө тартиби жана коомдук транспорттордун каттамына өзгөртүүлөр киргизилди.

Күн ичиндеги кабарлардын ток этери Кыргыз өлкөсүндө коронавирус аныкталгандан тарта жарыяланууда. 18-март, 19-март, 20-март, 21-мартты, 22-мартты, 23-мартты, 24-мартты, 25-мартты, 26-мартты, 27-мартты, 28-мартты, 29-мартты, 30-мартты, 31-мартты, 1-апрелди, 2-апрелди, 3-апрелди, 4-апрелди, 5-апрелди, 6-апрелди, 7-апрелди, 8-апрелди, 9-апрелди, 10-апрелди, 11-апрелди, 12-апрелди, 13-апрелди, 14-апрелди, 15-апрелди, 16-апрелди, 17-апрелди, 18-апрелди, 19-апрелди, 20-апрелди, 21-апрелди, 22-апрелди, 23-апрелди, 24-апрелди, 25-апрелди, 26-апрелди, 27-апрелди, 28-апрелди, 29-апрелди, 30-апрелди, 1-майды, 2-майды, 3-майды, 4-майды, 5-майды, 6-майды, 7-майды, 8-майды, 9-майды, 11-майды, 12-майды, 13-майды, 14-майды, 15-майды, 16-майды, 17-майды, 18-майды, 19-майды, 20-майды, 21-майды, 22-майды, 23-майды, 24-майды, 25-майды, 26-майды, 27-майды, 28-майды, 29-майды, 30-майды, 31-майды, 1-июнду, 2-июнду, 3-июнду, 4-июнду, 5-июнду, 6-июнду, 7-июнду, 8-июнду, 9-июнду, 10-июнду, 11-июнду, 12-июнду, 13-июнду, 14-июнду, 15-июнду, 16-июнду, 17-июнду, 18-июнду, 19-июнду, 20-июнду, 21-июнду, 22-июнду, 23-июнду, 24-июнду, 25-июнду, 26-июнду, 27-июнду, 28-июнду, 29-июнду, 30-июнду окугуңуз келсе, ошол күндү басуу аркылуу тиешелүү шилтемеге өтө аласыз.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан