Коронавирус Кыргыз өлкөсүндө. Бул боюнча 24-апрелдеги кабарлардын ток этерин окугуңуз келсе...

Бир суткада 25. Ооругандардын жалпы саны 656га жетти. Коронавирус Нарын облусунда кулач жаюуда.

Дагы 10 медицина кызматкери коронавирус жуктурду. Ак халатчандардын жалпы саны 172ге жетти.

Коронавирус аныкталган бейтаптардын ичинен 12 жарандын абалы оор, анын бешөө жандандыруу бөлүмүндө жатат.

Бүгүн, 24-апрелде Стамбулдан 349 жаран Бишкекке келди.

24-апрелге карата өлкөдө 20 бейтап коронавирустан айыгып, анын 8и медицина кызматкери экени маалым болду. Илдеттен арылган медицина тармагынын кызматкери Надира Сооронбаева дарыгерлерге ыраазычылыгын билдирди.

Азыркы тапта 29 миң 827 адам карантинде, ал эми 47 миң 179 адам карантинден чыккан.

Күн ичиндеги кабарлардын ток этери Кыргыз өлкөсүндө коронавирус аныкталгандан тарта жарыяланууда. 18-март, 19-март, 20-март, 21-мартты, 22-мартты, 23-мартты, 24-мартты, 25-мартты, 26-мартты, 27-мартты, 28-мартты, 29-мартты, 30-мартты, 31-мартты, 1-апрелди, 2-апрелди, 3-апрелди, 4-апрелди, 5-апрелди, 6-апрелди, 7-апрелди, 8-апрелди, 9-апрелди, 10-апрелди, 11-апрелди, 12-апрелди, 13-апрелди, 14-апрелди, 15-апрелди, 16-апрелди, 17-апрелди, 18-апрелди, 19-апрелди, 20-апрелди, 21-апрелди, 22-апрелди, 23-апрелди, тууралуу окугуңуз келсе, ошол күндү басуу аркылуу тиешелүү шилтемеге өтө аласыз.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан