20-майга карата өлкөдөгү коронавирус тууралуу кабарлардын ток этери менен таанышкыңыз келсе...

20-майга карата коронавирус менен ооруган бейтаптардын ичинен 12си стационарлардан чыгарылды. Муну менен өлкөдө бул оорудан айыккандардын жалпы саны 910.

Өлкө боюнча сутка ичинде дагы 27 адамдын коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Муну менен өлкөдө коронавирус аныкталгандардын саны жалпы 1 миң 270ке жетти.

Кыргыз өлкөсүнүн аймагында коронавирус диагнозу менен ооруканаларда 346 адам жатат. Анын ичинен бешөө жандандыруу бөлүмүндө, обсервацияда 2175 адам жатат.

Өлкөдө дагы 9 медицина кызматкеринен коронавирус аныкталды. Алардын баары Нарын облусунда. Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында катталгандар - 266.

Штаб соода борборлору жана базарлар үчүн жоопкерчиликти администрация тарта турганын маалымдады. Бузулук шаарынан 164 мекендешибиз өлкөгө кайтып келди.

Күн ичиндеги кабарлардын ток этери Кыргыз өлкөсүндө коронавирус аныкталгандан тарта жарыяланууда. 18-март, 19-март, 20-март, 21-мартты, 22-мартты, 23-мартты, 24-мартты, 25-мартты, 26-мартты, 27-мартты, 28-мартты, 29-мартты, 30-мартты, 31-мартты, 1-апрелди, 2-апрелди, 3-апрелди, 4-апрелди, 5-апрелди, 6-апрелди, 7-апрелди, 8-апрелди, 9-апрелди, 10-апрелди, 11-апрелди, 12-апрелди, 13-апрелди, 14-апрелди, 15-апрелди, 16-апрелди, 17-апрелди, 18-апрелди, 19-апрелди, 20-апрелди, 21-апрелди, 22-апрелди, 23-апрелди, 24-апрелди, 25-апрелди, 26-апрелди, 27-апрелди, 28-апрелди, 29-апрелди, 30-апрелди, 1-майды, 2-майды, 3-майды, 4-майды, 5-майды, 6-майды, 7-майды, 8-майды, 9-майды, 11-майды, 12-майды, 13-майды, 14-майды, 15-майды, 16-майды, 17-майды, 18-майды, 19-майды окугуңуз келсе, ошол күндү басуу аркылуу тиешелүү шилтемеге өтө аласыз.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан