Бүгүн, 6-ноябрга карата дүйнөдө коронавирус инфекциясын 48 миллион 600 миң 362 адам жуктуруп алды. Анын ичинен 32 миллион 332 миң 824 бейтап айыгып чыкса, 1 миллион 232 миң 209 адам каза болду.
Коронавирус эң көп катталган өлкөлөрдүн сап башында АКШ турат. Бул өлкөдө акыркы бир суткада 100 миңден ашуун адамдан илдет аныкталып, ооругандардын жалпы саны 9 миллион 606 миң 369 болду. 233 миң 911 адам (+1100) каза болсо, 3 миллион 781 миң 751 бейтап айыгып чыкты.
Экинчи орунда Индия өлкөсү турат. Бул жакта коронавирус инфекциясы 8 миллион 364 миң 86 адамдан аныкталды. 124 миң 315 адам каза болсо, 7 миллион 711 миң 809 бейтап айыкты.
Ал эми Бразилия өлкөсү үчүнчү орунда. Бразилияда 5 миллион 590 миң 25 адам вируска кабылган. 161 миң 106 бейтап көз жумса, 5 миллион 78 миң 162 бейтап оорудан сакайды (Бразилиядагы статистикалык маалыматтар жаңыланган эмес).
Жогорудагы маалымат АКШдагы Жон Хопкинс атындагы университетинин сайтынан алынды. Аталган булак Саламаттыкты сактоо боюнча дүйнөлүк уюм, коронавирус катталган өлкөлөрдүн Саламаттыкты сактоо министрликтери берген маалыматка таянып, сутка ичинде бир канча ирет жаңылоо менен вирустун тарашы боюнча статистиканы көзөмөл кылып жатат.