Бүгүн, 5-июлда Жогорку Кеңештин депутаты Искендер Матраимов "Акыркы төрт күн ичинде Райымбек Матраимовдун командасы Бишкекте жана Ошто стационардык ооруканаларды ачуу менен алек болду" деп билдирген.
Анын биринчи стационары иретинде Бишкектеги «Rixon» мейманканасынын базасында бүгүн саат 14:00дө оорукана ачылып, эки сааттан кийин бейтаптарды кабыл алып баштаган. Бир нече сааттан кийин эле мейманканадагы бардык орундар ээленип калды.
Кайрылгандардын көбү учурда дарылануусун алып жатышат. Андагы врачтар кимди обсервацияга жөнөтүү керектигин, ал эми кимди үйгө жөнөтүүнү чечишүүдө. Ооруканада бейтаптарга жана дарыгерлерге үч маал тамак каралган. Дарыгерлердин айлык акысын "Исмаил Матраимов" фонду өз мойнуна алган.
Ушундай эле ооруканалар Ош шаарындагы мейманканалардын базасында ачылды.