Жогорку Кеңештин депутаты Жылдыз Мусабекова жандандыруу бөлүмүнө түшүп калганын уулу Кубаныч Аманбеков өзүнүн Фейсбуктагы баракчасына кечээ, 5-июль күнү жазды.
Буга чейин Жогорку Кеңештин депутаты Жылдыз Мусабекова ооруп жаткандагы видеосун жарыялап, элдик ыктыярдуу штабдан жардам сураган. Өзүнүн билдирүүсүндө ал "таба кылбаңыздар, күлбөңүздөр, жардамыңар керек" деп жазган. Ошондой эле 4-5 күн ооруп, өз алдынча дарылануу аракетин көргөнүн, абалы жакшы болуп калгандай сезилгенин белгилеген.