23-майга карата дүйнө жүзүндө 5 миллион 209 миң 266 адам коронавирус инфекциясы менен катталды. Алардын арасынан 2 миллион 56 миң 506 бейтап сакайып, ооруканадан чыгарылса, 338 миң 121 жаран көз жумду.
Дүйнө жүзүндө коронавирус эң көп катталган АКШда 1 миллион 600 миң 782 адамдан коронавирус илдети аныкталды. Андан 350 миң 135 бейтап айыгып, ооруканадан чыкса, 95 миң 972 бейтап каза болду.
Коронавирус илдетинин катталуусу боюнча экинчи орунга чыккан Бразилияда 330 миң 890 адам илдет жуктурган. Анын арасынан 135 миң 430 адам сакайып кетсе, 21 миң 48 адам дүйнө салды.
Ал эми 3-орунда турган Орусияда 326 миң 448 жарандан коронавирус илдети аныкталды. Анын 99 миң 825и сакайып, 3 миң 249у каза болду.
Жогорудагы маалымат АКШдагы Жон Хопкинс атындагы университеттин сайтынан алынды. Аталган булак Саламаттыкты сактоо боюнча дүйнөлүк уюм, коронавирус катталган өлкөлөрдүн Саламаттыкты сактоо министрликтери берген маалыматка таянып, сутка ичинде бир канча ирет жаңылоо менен вирустун тарашы боюнча статистиканы көзөмөл кылып жатат.