Кыргыз өлкөсүнө алып келинген портативдик рентген аппаратына Ош шаарынын тургундары тартыла башташты. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Искендер Матраимов өз баракчасына билдирүү жарыялады.
"Урматтуу Ош шаарынын тургундары!
Биз Матраимов фондунун командасы шаарыбыздагы бейтаптарга рентгендин кызматын көрсөтүү жумушун баштадык. Учурда дарыгерлерден турган бригада Кулатов (Западный) кичи районунда процедуралык кабинетке жайгашып, дарыгердин жолдомосу менен келген бейтаптарды кабыл алууда.
Рентген менен бирге Москвадан келген инфекционист врач, мындан тышкары терапевт, нейрохирург, психолог жана медайым бейтаптарды карап, зарыл болгон учурда ошол эле жерден тиешелүү жардамдарды көрсөтүп жатышат. Иштин жүрүшү жана ар бир кыймылдар - Саламаттыкты сактоо министрлиги менен макулдашылып, алардын көзөмөлүндө.
Бул аймактагы бейтаптарга жардам көрсөткөндөн соң башка жерге которулуп, процедуралык кабинетти ачып, көчмө топ акысыз кызмат көрсөтүүнү улантат", - деп жазылат билдирүүдө.
Кошумча маалымат алуу үчүн
0552 176 176, 0777 176 176 телефон номерлери аркылуу байланышууга мүмкүн.
Ошондой эле фонд аймактарга жардам берип баштады.
"Бүгүнкү күндө жергиликтүү ооруканаларда толук шарттар түзүлгөн эмес. Кээ бир адамдар дарылануу үчүн борборго чейин келишет, анткени аймактарда көп медициналык жабдыктар жана дары-дармектер жетишсиз.
Сокулук районунун Орок айыл өкмөтүнүн тургундарына керектүү дары-дармектерди жеткирип бардык. Кудай буюрса, биз жакын арада Кыргыз өлкөсүнүн бүт аймактарынын тургундарына жардам берип жетишүүнү пландап жатабыз" - деп жазылат маалыматта.
5-июлда Жогорку Кеңештин депутаты
Искендер Матраимов:
"Райымбек Матраимовдун командасы Бишкекте жана Ошто стационардык ооруканаларды ачуу менен алек болуп жатат", - деп
билдирген. Ошол күндөн тарта фонд тарабынан ачылган стационарлар керектүү дары-дармектер жана медициналык шаймандар менен
каржыланууда.