Бүгүн, 9-март саат 17:00гө карата коронавирус менен ооруган алдыңкы 10 өлкөнүн тизмеси төмөндөгүчө:
1. Кытай - 80 миң 735
2. Түштүк Корея - 7 миң 478
3. Италия - 7 миң 375
4. Иран - 7 миң 161
5. Франция - 1 миң 209
6. Германия - 1 миң 151
7. Испания - 911
8. АКШ - 564
9. Япония - 511
10. Швейцария - 332.
Дүйнөдө коронавирус инфекциясын жуктурганы аныкталгандардын жалпы саны - 111 миң 228 адам. Коронавирус менен ооругандар катталган өлкөлөрдүн саны 104.
Жогорудагы маалымат АКШдагы Жон Хопкинс атындагы университеттин сайтынан алынды. Аталган булак Саламаттыкты сактоо боюнча дүйнөлүк уюм, коронавирус катталган өлкөлөрдүн саламаттыкты сактоо министрликтери берген маалыматка таянып, сутка ичинде бир канча ирет жаңылоо менен вирустун тарашы боюнча статистиканы көзөмөл кылып жатат.
Коронавирустан каза болгондор катталган алдыңкы 10 өлкө тууралуу маалымат окугуңуз келсе, ушул шилтемени басып өтүңүз.