Өлкөнүн аймактарында медициналык каражаттар менен дары-дармектердин таңкыстыгы байкалууда. Тез арада алардын запасын даярдоону күчөтүү зарыл. Мындай тапшырманы премьер-министр Кубатбек Боронов тармактык мамлекеттик органдарга республикалык ыкчам штабдын жыйынында берди.
Өкмөт башчы белгилегендей, өлкө аймагында эпидемиологиялык кырдаалга даяр туруш үчүн бардык тараптан шарттар түзүлүш керек.
"Учурда өлкөдө дары-дармектердин таңкыстыгы байкалууда. Мындан улам буга чейин медициналык каражаттардын запасын камсыз кылуу боюнча берилген тапшырманы аткарууну күчөтүү зарыл. Аймактарда дагы дары-дармектердин запасы даяр турсун. Ошол эле учурда медициналык каражаттардын баасынын негизсиз жогорулашын алдын алуу боюнча иштерди күчөтүү шарт. Ооруканалардагы жандандыруу блоктору дагы даярдалсын. Өкмөт тарабынан сатып алынган мобилдик кычкылтек концентраторлорунун кийинки партиясы өлкө аймактарына бөлүштүрүлүп берилет", - деди Боронов.
Ошондой эле өкмөт башчы оор абалдагы бейтаптарга өзгөчө көңүл буруу керектигин айтты.
"Күндүзгү стационарлар, медициналык мекемелердин бардыгы бейтаптарды кабыл алып, жардам берилсин. Медициналык кароого муктаж жарандарды "Тез жардам" кызматы аркылуу башка ооруканага жайгаштырууга көмөк көрсөтүлсүн. Оор абалда келген бейтаптардын бирин да артка кетирбей, жардам берилүүгө тийиш. Ошондуктан медициналык мекемелердин өз ара аракеттешүүсү тез арада жолго салынсын", - деп премьер-министр катуу талап койду.
Республикалык ыкчам штабдын жыйынынын соңунда Кубатбек Боронов башка мамлекеттерден алып келинип жаткан дары-дармек менен медициналык аппараттарды бажылык тариздөө иштерин тездетүүнү тапшырды. Муну менен катар Саламаттыкты сактоо министрлигине Бишкек шаарындагы жана өлкө аймактарындагы ооруканалардын жандандыруу блокторун көбөйтүү милдеттендирилди.