Парламент комитети өзгөчө абал учурунда жарандардын даттанууларын кабыл алуу үчүн атайын электрондук почта ачты. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин сайтына жарыяланды.
"Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитети өзгөчө абал учурунда жарандар менен эффективдүү жана үзгүлтүксүз байланышты камсыз кылуу үчүн даттанууларды жана мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, кызмат адамдары тарабынан жасалган айрым мыйзам бузууларга карата тез аранын ичинде чара көрүүнү талап кылган кырдаалдар жөнүндө каттарды кабыл алуу үчүн атайын электрондук почта ачты.
Каттар каралып, өз убагында чара көрүү жана чечим кабыл алуу үчүн прокуратура органдарына жана башка мамлекеттик органдарга жиберилет. Кайрылуулар үчүн электрондук почта: pravoporyadok7@gmail.com", - деп жазылат маалыматта.