Өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы өкүлү Акылбек Осмоналиев өкмөттүн аппарат жетекчисинин биринчи орун басары болуп дайындалды. Бул тууралуу өкмөттөн билдиришти.
Маалыматка ылайык, тиешелүү буйрукка премьер-министр Кубатбек Боронов кол койду.
Акылбек Осмоналиев өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп 2018-жылдан бери иштеп келген. Анын өмүр баянын бул шилтеме аркылуу окусаңыз болот.