Африка континентиндеги коронавирустук инфекциясынын негизги борборуна айланган Түштүк Африка Республикасы менен чектеш өлкөлөрдө COVID-19 оорусунун тездик менен өсүшү байкалууда. Бул тууралуу дүйнөлүк басылмалар жазып чыгышты.
Расмий маалыматтар боюнча, Түштүк Африкада коронавирустук инфекциянын саны 420 миңден ашып, 6 миң 300дөн ашуун адам көз жумган.
"Акыркы эки аптада коронавирус Түштүк Африкадан башка өлкөлөргө жайылып жаткандыгы байкалууда. Илдетти жуктургандардын санынын пайыздык өсүшү көрүнүүдө", - деп айтылат маалыматта.
Ага ылайык, Замбия, Малави жана Зимбабведе оорунун өсүшү байкалган. Алжир жана Мадагаскар сыяктуу өлкөлөрдө инфекциянын деңгээли жогору бойдон сакталууда. Ошондой эле Африкада коронавируска кабылгандар боюнча маалыматтар көрсөтүлгөн сандан да бир кыйла жогору болушу мүмкүн. Себеби коронавируска карата тест тапшыргандардын саны төмөн болууда.