Кызыл карды "дарбыз кары" деп дагы атап жүрүшөт. Анын түсү күлгүн жана даамы дарбыздыкына окшош болгондугунан мындай аталышка ээ болуп калган. Өзгөчө карды жайында Колифорниянын Сьерра Невада кырка тоолорунан көрүүгө болот. Ал күлгүн түстө болуп, дарбыздын жыты жана даамын алып жүрөт. Бул феномен кардын курамында кызыл каротиноид астаксантин пигменти бар экендиги менен түшүндүрүлөт.