Дүйнөдөгү эң чоң пицца Италияда жасалган. Ал 2012-жылы "Гиннесстин рекорддор китебине" киргизилген. Пиццанын узундугу 43 метр, салмагы 16 тоннаны түзгөн. Ошондой эле 1 миң 208 чарчы метр жерди ээлеген. Ал эми бышырууга 5 ашпоз катышкан.
Аталган пиццаны даярдоо үчүн 8 миң 892 килограмм ун, 3 миң 991 киллограмм томат пастасы жана 8 тоннага жакын сыр керектелген. Пицца 48 саат ичинде жасалган.