Көпчүлүк билген логикалык баш катыруучу оюнчук кубик рубик 1974-жылы венгердик мугалим жана архитектор Эрнё Рубик тарабынан ойлоп табылган. Ойлоп табуучуну миллионер кылган оюнчукту алгач студенттерге теманы түшүндүрүү үчүн гана жасап, окуу куралы катары пайдаланган.
Рубиктин кубиги жөнүндө кызыктуу фактылар:
-Кубик Рубик ушул күнгө чейин 350 миллион даана сатылып, оюнчуктар арасында эң көп сатылган;
-Бул табышмак оюнду көбү кубик рубик деп айтат бирок туурасы Рубиктин кубиги деп аталат;
-Рубиктин кубиги 1980-1981 жылдары “Жылдын оюнчугу” деп аталган;
-Рубик кубун каалаган айкалышын 20 же андан аз кыймылда чечүүгө болот;
-Лос-Анжелестин 16 жаштагы окуучусу Рубик кубун 22.95 секундда чечип, 1982-жылы Будапеште өткөн биринчи Дүйнөлүк кубокту жеңип алган. Ал эми адистер табышмакты 24-28 жүрүш менен чече алышат;
-Рубик кубун финляндиялык Ансси Ванхала 36.72 секундда буту менен чечкен;
-Рубикти тез убакыттын ичинде чогултууну сүйгөндөрдү “Спидкубер” деп аташат;
-Рубик кубунун эң чоңу АКШнын Теннеси штатындагы Ноксвилл шаарында жайгашкан. Анын салмагы 500 килограмм, узундугу 3 метр;
-Ал эми эң кичинекей кубик 10 миллиметрди түзөт. Аны орусиялык программист Евгений Григорьев жасаган;
-Эң кымбат кубик 1995-жылы Diamond Cutters International тарабынан түзүлгөн. Ал 22 карат аметист, 34 карат рубин, 34 карат изумруд, 18 карат алтындан туруп 1 жарым миллион долларга бааланган.