Шайлоо-2020: Жеңиш Молдокматов, Айсулуу Мамашова, Имамидин Ташов, Мелис Турганбаев... "Замандаштын" тизмесинде алдыңкы ондукта кимдер?

Бүгүн, 19-августта Бишкек шаарында "Замандаш" партиясынын курултайы болуп өттү. Анын жүрүшүндө партия атынан Жогорку Кеңешке депутаттыкка талапкерлердин тизмеси жазылган 10 талапкердин аты жарыяланды.

Курултайга Кыргыз мамлекетинин бардык аймактарынан келген делегаттар катышты. Партия лидери Жеңиш Молдокматов иш-чаранын бардык катышуучуларына ыраазычылыгын билдирип, "Замандаш" баарынан мурда Кыргыз өлкөсүнүн ичиндеги жана сыртындагы мекендештерден турган элдик партия экенин белгилеп өттү. Курултайдын башталышында, партияны негиздеген, маркум Муктарбек Өмүракуновго багышталып, куран окутулду.

Талапкерлердин тизмесинин сап башында Жеңиш Молдокматов турат.

Алгачкы ондукка киргендер:

1. Жеңиш Молдокматов

2. Дмитрий Конов

3. Мелис Турганбаев

4. Чынара Шейшекеева

5. Умбеталы Кадыралиев

6. Мырза Капаров

7. Нурлан Абдыкалыков

8. Айсулуу Мамашова

9. Мавлян Амракулов

10. Имамидин Ташов

11. Элмурза Сатыбалдиев

Ошондой эле курултайда партиянын жаңыланган программасы презентацияланды. Ал 7 багыттан турат. Программада инновациялык чечимдерди мамлекеттик деңгээлде ишке ашырып, өнүктүрүү, мамлекеттик кызматтардын айкындуулугун жана эл менен эсептешүүсүн камсыздоо сунушталган. Себеби, мамлекеттин күчү анын элинде.

"Замандаш" саясий партиясы 2007-жылы Мухтар Өмүракунов тарабынан негизделген. Ал өзүн центристтик саясий партия катары позициялап келет. Атамекендик жеңил өнөр-жай тармагына кошкон салымы менен белгилүү. Учурда партия дүйнөнүн 52 мамлекетиндеги 90 диаспора менен иштешип, Кыргыз мамлекетинин коомдук жашоосуна жигердүү катышып келет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
azamat85
2020-08-20 08:03:30
отпойт 100%
+4
Genka
2020-08-20 11:35:01
Ото начар состав
+2
katerina.li
2020-08-20 13:11:23
Эльмурза сатыбалдиев деген немеде такыр Бет калбаптыр
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан