Фейсбук социалдык тармагынын Тима Умаров аттуу колдонуучусу инисин белгисиз 5-6 бала ур-тепкиге алганын жазып чыкты. "Салам туугандар. Ош шаарында биздин инибиз Н.ны 5-6 бала белгисиз себептер менен ур-тепкиге алган. Алар инимди күчкө салып, зордоп унаасына салып, каналга алып барып өлтүрөбүз деп коркутуп, бут кийимдерин чечип жылаңачтап, акчасын тоноп таштап кетишкен. Окуя Ош шаарынын Кыргыз драма театрынын жанында 9-сентябрдан 10-сентябрга караган түнү саат 00:00 чамасында болгон. Ушул окуяны көргөн адамдар болсо зөөкүр балдарды таап, жазасын берүүгө жардам сурайбыз", - деп жазган ал.