Кызыл-Кыяда жөө адамды сүзүп, окуя болгон жерден качып кеткен айдоочуну кармоо иш-чарасы жүрүүдө (видео)

Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарында жаранды сүзүп кеткен унаанын айдоочусун кармоо иш-чарасы жүрүүдө. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, окуя 25-сентябрь күнү саат 20:00 чамасында Кызыл-Кыя шаарынын Масалиев көчөсүндө болгон. Анда Кадамжай районунун 28 жаштагы тургунун жашыл түстөгү Мерседес-Бенц Спринтер үлгүсүндөгү унаа сүзүп, андан соң окуя болгон жерден изин жашырып качып кеткен.

Эскертүү! видеодо сөгүнгөн сөздөр бар.

Бул факты Кызыл-Кыя ШИИБинде Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган.

"Учурда унаанын ээсинин аты-жөнү такталып, аны кармоо боюнча тиешелүү иш-чаралар жүрүп жатат. Ал эми жаракат алган 28 жаштагы жаран жергиликтүү аймактык ооруканага жаткырылган. Жаракат алган жаранга тийиштүү экспертизалар дайындалган. Териштирүү иштери жүрүүдө", - деп билдирет басма сөз кызматынан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Liliia
2020-10-01 16:14:09
бул жерде сузуп туруп качып кетпей эле атайылап сузгон го
+4
www.www
2020-10-01 16:48:45
Адам сүзүп качып кеткендердин жаза албагандардын жемиши мына ачык болуп атат
+4
Okunboim.
2020-10-01 19:46:59
Кудай сактасын.
+4
Kari
2020-10-01 20:17:59
28 жаштагы жарандын таанышы же душманыдыр.Кечки саат 8де Кызыл-Кыяда спринтерлер каттабайт та.Бир жагында мерия ,бир жагында городская больница.Камералар болсо керек.
+4
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан