Каймана аты "Баха, базар-коргондук". Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөсү алдамчылыкка шектелип кармалды

Жалал-Абадда 60 жаштагы тургундун ишеничине кирип 110 миң сом акчасын алып, изин жашырып жүргөн жаран кармалды. Кармалган жаран уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү экенин Жалал-Абад ОИББинин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Белгилүү болгондой, 22-сентябрда Базар-Коргон районунун А.Ш. аттуу 60 жаштагы тургуну милицияга арыз менен кайрылган. Анда ушул жылдын 19-март күнү Базар-Коргон районунун аймагында "Баха" аттуу жаран, “Бирөөдөгү карызыңды өндүрүп берем жана тендерге байланыштуу ишиңерди силердин пайдаңарга чечип берем” деп ишеничке кирип, 110 миң сом акчасын алып, убада кылган иштерин бүтүрбөй качып жүргөндүгү айтылган. Арыздануучу буга карата мыйзам чегинде чара көрүп берүүсүн суранган.

Бул факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 204-берене (алдамчылык) менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иши ачылган.

"Ыкчам иликтөө иш-чаралары уюштурулуп, “Баха” каймана аты менен жүргөн жаран Базар-Коргон районунун 1981-жылы туулган А.Б. аттуу тургуну экени аныкталган. Ал мурда Орусиянын аймагында жүргөнү, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 167-беренеси (тоноо) менен соттолгону, криминалдык идеологияны колдоп, мурда соттолгондор менен тыгыз байланышта болгондугу жана крим-чөйрөдө “Баха Базар-Коргонский” деп жүргөнү такталган.

Шектүү жаран 2010-жылдан тартып Ички иштер министрлигинин уюшкан кылмыштуу топтун активдүү мүчөсү катары (Мыйзамдуу ууру К.Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобуна кирет) каттоодо турган. Сотко чейинки өндүрүш ишинин алкагында "Баха" 1-октябрда колго түшүрүлдү. Жалал-Абад шаардык сотунун тергөө судьясынын уруксаты менен анын үйүнө тинтүү жүргүзүлдү. Учурда сотко чейинки өндүрүш ишинин негизинде тергөө амалдары жүргүзүлүп жатат", - деп айтылат маалыматта.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
algakaray
2020-10-02 07:48:59
Карызын ондуруп, тендерден озу тарапка чечип бериш учун акча толоп жалдаса анда озу деле туура иш жасаган жок да.
+3
Shumkar1
2020-10-02 11:16:41
Озунда камаш керек
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан