"Таң каларлык окуялар биздин эле жаныбызда. Өткөн сутка ичинде биринчи жолу "Тез жардам" кызматына ичеги инфекциясына байланыштуу бир да адам кайрылган жок! Иш жүзүндө болгону колдорун жууп башташты..." деп жазган дарыгер. Мындай билдирүүнү Бишкек шаарындагы "Тез жардам" кызматынын дарыгери Егор Борисов социалдык тармактагы баракчасына жарыялады.
Коронавируска байланыштуу коомчулукка колду таза кармоо, самындап бат-баттан жууп туруу, жууганга шарт жок болсо, антисептикалык каражаттарды колдонуу керектиги тууралуу маалыматтар байма-бай берилип жатат. Эгерде сиздин маалыматыңыз жок болсо, анда ушул шилтемени басып өтүңүз.