Орусиянын борбору болгон Москва шаарында коронавирус илдетине кабылгандардын рекорддук көрсөткүчү катталды. Бул тууралуу орусиялык басылмалар расмий маалыматка таянуу менен жазышууда.
Ага ылайык, борбор калаада акыркы сутка ичинде 4 миң 618 адамдан COVID-19 илдети аныкталды. Бул май айынан бери эң жогорку көрсөткүч.
Ошондой эле коронавирус менен ооруган бейтаптардын 10,8 пайызы кичинекей балдар болсо, 44,7 пайызы 18ден 45 жашка чейинкилер. 28,9 пайызы 46дан 65 жашка чейинки бейтаптар болсо, 11 пайызы 66дан 79 жашка чейинкилер. Ал эми 4,6 пайызы 80 жаштан жогорку курактагылар.
Орусияда жалпы 1 миллион 318 миң 783 адам коронавирус илдетине кабылган. Алардын ичинен, тилекке каршы, 22 миң 834 бейтап каза болгон.