Португалиялык футболчу Криштиану Роналду коронавирус илдетине кабылды. Бул тууралуу дүйнөлүк басылмалар жазып чыгышты.
Андагы жазылган маалыматка ылайык, футболчу коронавирус илдетине каршы тест тапшырып, андан COVID-19 илдети бар экендиги аныкталган. Учурда Роналду обочолонуу режиминде.
"Криштиану Роналдудан COVID-19га тапшырган тесттен илдет бар экени аныкталгандыктан, курама команда менен Швецияга каршы оюнга катыша албайт!", - деп айтылат Португалия футбол федерациясынын маалыматында.
Эске салсак, 14-октябрда Португалия курамасы Улуттар Лигасында Швецияга каршы ойномок.
Криштиану Роналду Португалия курамасында алгачкы жолу 2003-жылы оюн талаасына чыккан. 17 жыл аралыгында командада 165 оюн өткөрүп, Европа чемпиондугунда коло, күмүш жана алтын медаль уткан. Ошондой эле улуттук курама команда менен катар ал өткөн сезондо Улуттар Лигасынын жеңүүчүсү болгон.