Өкмөттүн Ысык-Көлдөгү ыйгарым укуктуу өкүлү Элчибек Жантаев жалпы жамаатка тааныштырылды.
Аны вице-премьер-министр Максат Мамытканов тааныштырды. Элчибек Жантаев өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары болуп иштеп келген.
Буга чейин бул кызматты Балбак Түлөбаев аркалап келген. Ал учурда Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткарууда.