Кыргыз өлкөсүнүн Орусиядагы элчиси Аликбек Жекшенкулов кызматтан алынды

Кыргыз өлкөсүнүн Орусиядагы элчиси Аликбек Жекшенкулов кызматтан алынды. Бул тууралуу жарлык "Эркин-Тоо" гезитине жарыяланды.

Президенттик аппарат бул боюнча маалымат тараткан эмес. Аликбек Жекшенкулов тарабынан дагы жооп боло элек.

Ал 2019-жылдын башында бул кызматка дайындалган.

Аликбек Жекшенкулов 1957-жылы 25-майда Нарын облусунун Кочкор районуна караштуу Чолпон айылында төрөлгөн. Ал 1992-1995-жылдары Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты, 1996-жылы 1-класстагы атайын жана толук ыйгарымдуу элчиси болуп эмгектенген. Аликбек Жекшенкулов 1980-жылы Украина айыл чарба академиясын токой чарба инженери адистиги боюнча бүткөн.

1980-1982-жылдары Аламүдүн районундагы "Ала-Арча" Кыргыз мамлекеттик табигый паркынын аймак башчысы, 1982-1986-жылдары комсомолдун Аламүдүн райкомунун 1-катчысы, 1986-1990-жылдары ЛКЖС БКнын катчысы, Кыргыз мамлекетинин ЛКЖСнын Ош обкомунун катчысы, 1990-1992-жылдары жаштар иши боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасынын 1-орун басары, 1992-1994-жылдары президенттин аппаратында референт, Жогорку Кеңештин эл аралык жана парламенттер аралык байланыштар боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы, 1994-1995-жылдары тышкы иштер министринин орун басары, 1995-жылдан тартып 1-орун басары болгон. 2005-2007-жылдары тышкы иштер министри кызматын аркалаган.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан