Бүгүн, 4-ноябрда Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында өтүп жаткан көк бөрү боюнча Кыргыз Республикасынын президентинин Кубогунун оюндары уланып жатат.
Биринчи Лиганын "Д" тайпасындагы "Көк-Жал" - "Жумгал" командаларынын ортосундагы беттеш 5:3 эсебинде "Көк-Жал" командасынын жеңиши менен аяктады. Муну менен турнирдин үчүнчү күндүк оюндары соңуна чыкты. Эртең, 6-ноябрда Жогорку Лиганын жана Биринчи Лиганын тайпалык баскычтагы акыркы оюндары өтөт.
Көк бөрү боюнча президенттин Кубогу коронавирус пандемиясынан улам көрүүчүлөрсүз өтүүдө.