Бүгүн, 5-ноябрда Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында өтүп жаткан көк бөрү боюнча Кыргыз Республикасынын президентинин Кубогунун оюндары уланып жатат.
Саат 15:00гө белгиленген Биринчи Лигадагы "Мурас" - "Тору-Айгыр" командаларынын ортосундагы беттеш 19:4 эсебинде "Мурас" командасынын жеңиши менен аяктады.
Учурда бүгүнкү күндүн тизмесиндеги эң акыркы оюн болгон "Көк-Жал" - "Жумгал" беттеши башталуу алдында турат.
Эскертүү! Чолпон-Ата шаарында өтүп жаткан бул мелдеш коронавирус пандемиясынан улам көрүүчүлөрсүз өтүүдө.