Бүгүн, 4-ноябрда Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында өтүп жаткан көк бөрү боюнча Кыргыз Республикасынын президентинин Кубогунун экинчи күндүк оюндары соңуна чыкты.
Экинчи күндүк оюндарда тизме боюнча жалпы 6 оюн ойнолду. Анын ичинен 4 оюн Биринчи Лигада, 2 оюн Жогорку Лигада. Экинчи оюн күнүнүн жыйынтыктары:
Биринчи Лигада: "Төш-Булак" - "Ала-Тоо" (1:12);
"Четинди" - "Келечек" (2:13);
"Ай-Тамга" - "Тору-Айгыр" (6:2);
"Көк-Жал" - "Суусамыр" (3:6).
Жогорку Лигада: "Ынтымак" - "Сары-Өзөн" (4:2);
"Достук" - "Кара-Буура" (9:2).
Чолпон-Ата шаарындагы ат майданда өтүп жаткан бул турнир коронавирус пандемиясынан улам көрүүчүлөрсүз өтүүдө.