Бүгүн, 4-ноябрда Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында өтүп жаткан көк бөрү боюнча Кыргыз Республикасынын президентинин Кубогунун оюндары уланып жатат.
Саат 15:00гө белгиленген Биринчи Лиганын "С" тайпасындагы оюнда Таластын "Ай-Тамга" командасы менен Ысык-Көлдүн "Тору-Айгыр" командасы кез келип, беттеш 6:2 эсебинде "Ай-Тамга" командасынын жеңиши менен аяктады.
Учурда бүгүнкү күндүн акыркы оюну болгон Биринчи Лиганын "Д" тайпасында жайгашкан "Көк-Жал" - "Суусамыр" командаларынын ортосундагы беттеш башталуу алдында турат.
Чолпон-Ата шаарындагы ат майданда өтүп жаткан бул турнир коронавирус пандемиясынан улам көрүүчүлөрсүз өтүүдө.