Бүгүн, 4-ноябрда Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында өтүп жаткан көк бөрү боюнча Кыргыз Республикасынын президентинин Кубогунун оюндары уланып жатат.
Саат 12:00гө белгиленген Жогорку Лигадагы Таластын "Ынтымак" командасы Чүй облусунун "Сары-Өзөн" командасын 4:2 эсебинде жеңип алды.
Учурда Жогорку Лигадагы дагы бир кызыктуу деген Оштун "Достук" командасы менен Таластын белгилүү "Ак-Буура" командасынын ортосундагы беттеш башталуу алдында турат.
Чолпон-Ата шаарындагы ат майданда өтүп жаткан бул турнир коронавирус пандемиясынан улам көрүүчүлөрсүз өтүүдө.