Бүгүн, 6-ноябрда Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында өтүп жаткан көк бөрү боюнча Кыргыз Республикасынын президентинин Кубогунун оюндары уланып жатат.
Саат 10:00го белгиленген Биринчи Лигадагы жарым финалдык оюнда "Ала-Тоо" командасы "Келечек" командасын 6:2 эсебинде утуп, финалга жолдомо алды. Бул оюнда өлкөгө кеңир таанылган улакчы Манас Ниязов 4 улак сала алды.
Учурда Биринчи Лиганын экинчи жарым финалдык оюнундагы "Мурас" – "Суусамыр" командаларынын ортосундагы беттеш башталды.
Чолпон-Ата шаарындагы ат майданда өтүп жаткан бул турнир коронавирус пандемиясынан улам көрүүчүлөрсүз өтүүдө.