1:12. Манас Ниязов "Шторм" аттуу аты менен каршылаштарына 7 улак салды

Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында өтүп жаткан Кыргыз Республикасынын президентинин Кубогунда саат 09:00гө белгиленген биринчи лиганын "А" тайпасындагы оюнунда "Төш-Булак" командасы менен "Ала-Тоо" командасы кез келди.

Бул турнирге "Ала-Тоо" командасы менен катышып жаткан өлкөгө кеңири таанымал улакчы Манас Ниязов 7 улак сала алды. Ниязов бул турнирге "Шторм" аттуу атты минип чыкты. Эки команданын ортосундагы беттеш 1:12 эсебинде "Ала-Тоо" командасынын жеңиши менен аяктады.

Учурда биринчи лиганын "Б" тайпасындагы "Четинди" - "Келечек" командаларынын ортосундагы беттеш жүрүүдө.

Чолпон-Ата шаарында өтүп жаткан бул турнир коронавирус пандемиясынан улам көрүүчүлөрсүз өтүүдө.

Күндүн жаңылыктары: Митингде оң колунан ажыраган жигит үйлөндү
Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
jaz99
2020-11-04 11:32:12
Магада Манас Ниязовдой балдар жагат
+3
bond02
2020-11-04 11:38:29
jaz99,шторм жакпайбы?
+4
Asmat84
2020-11-04 22:05:01
Э молодец Манас эркееек
+1
jorkakg-84
2020-11-04 23:13:18
Манас алга
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан