4-8-ноябрь күндөрү Чолпон-Ата шаарындагы ат майданда өткөн көк бөрү боюнча Кыргыз Республикасынын президентинин Кубогунун жыйынтыгы менен Биринчи Лигада оюн алып барган Ош облусунун "Ала-Тоо" командасы менен Ысык-Көл облусунун "Мурас" командасы Жогорку Лигага чыга алды.
Турнирде Биринчи Лигада жалпы 12 команда 4 тайпага бөлүнүп, оюн алып барган. Финалдык беттеште "Мурас" командасы "Ала-Тоону" 5:3 эсебинде жеңди. Эки команда финалга чыккандыгы үчүн Жогорку Лигага жолдомо алды.
Ошол эле учурда Жогорку Лигадан Биринчи Лигага 2 команда түштү. Алар Таластын "Кара-Буура" командасы менен Нарын облусунун "Ат-Башы" командасы.
Көк бөрү боюнча республикалык деңгээлдеги кийинки беттеш 2021-жылдын 21-мартында Нооруз майрамына карата өткөрүлөт.