Бүгүн, 6-ноябрда Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында өтүп жаткан көк бөрү боюнча Кыргыз Республикасынын президентинин Кубогунун оюндары уланып жатат.
Саат 13:00го белгиленген Жогорку Лигадагы Таластын "Ынтымак" командасы менен Нарындын "Ат-Башы" командаларынын ортосундагы беттеш 16:5 эсебинде "Ынтымак" командасынын жеңиши менен аяктады. Муну менен "Ынтымак" командасы мелдештин финалына чыкты.
Учурда Жогорку Лигадагы дагы бир кызыктуу делген "Жаш Күч" - "Достук" командаларынын ортосундагы беттеш башталды.
Чолпон-Ата шаарында өтүп жаткан көк бөрү боюнча президенттин кубогу коронавирус пандемиясынан улам көрүүчүлөрсүз өтүүдө.