Бүгүн, 4-ноябрда Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында өтүп жаткан көк бөрү боюнча Кыргыз Республикасынын президентинин Кубогунун оюндары уланып жатат.
Саат 10:30га белгиленген биринчи лиганын "Б" тайпасындагы оюнда "Четинди" командасы "Келечек" командасына 2:13 эсебинде жеңилип калды.
Учурда Жогорку Лигадагы Таластын "Ынтымак" командасы менен Чүйдүн "Сары-Өзөн" командаларынын ортосундагы беттеш башталганы жатат.
Чолпон-Ата шаарындагы ат майданда өтүп жаткан бул турнир коронавирус пандемиясынан улам көрүүчүлөрсүз өтүүдө.