Баткен-Лейлек унаа жолунда бүгүн, 8-ноябрда үрөй учурган жол кырсыгы катталды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына окурман билдирди. Ал эми маалыматты Баткен облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмү тастыктады.
"Алдын ала маалыматтар боюнча жол кырсыгы саат 13:10дор чамасында Баткен-Лейлек унаа жолунда катталды. Тийиштүү кызматкерлер окуя болгон жерге кетишкен. Азыр алар тактап жатат. Болжол менен 5 адам каза болгону айтылууда. Эки унаа кагышкан дешүүдө. Азыр окуя болгон жерден толук маалымат алган соң берилет", - деди басма сөз кызматынан.