Баткендеги жол кырсыгынын чоо-жайы: Унаадагы бардык адамдар каза болгон (сүрөттөр)

Буга чейин Баткен-Лейлек унаа жолунда үрөй учурган жол кырсыгы катталганы тууралуу маалымдалган.

SUPER.KG порталына Баткен облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмү окуянын чоо-жайын айтып берди.

Маалыматка ылайык, жол кырсыгы бүгүн, 8-ноябрда Ош-Исфана жолунун 306-чакырымында болгон. Анда Мерседес-Бенц унаасы менен Nexia унаасы сүзүшкөн.

"Мерседес-Бенц унаасы Бишкектен Лейлекти карай бара жатып, Nexia унаасы менен сүзүшкөн. Кырсыктын кесепетинен Мерседес-Бенц унаасынан айдоочу жана 3 жүргүнчү окуя болгон жерден каза болгон. Ал эми берки унаада айдоочу жалгыз болгон. Ал дагы окуя болгон жерден каза болгон. Учурда каза болгон жарандардын аты-жөнү такталууда", - деп билдирди басма сөз кызматынан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (18)
sultan_bek
2020-11-08 18:29:19
Жаман кырсык болуптур. Жаткан жери жай болсун. Тенирим кырсыктан сактасын. Жамандыктан тенирим озун сактай кор.
-47
MAKALAK
2020-11-08 18:43:00
sultan_bek,Жаны тенирчи окшойт
+28
Baapova
2020-11-08 19:27:51
sultan_bek,Арстан алай сактасын деп алба
+22
Mustafo
2020-11-09 00:31:59
sultan_bek,Тенир сенин энеңби
+8
KUTUZ87
2020-11-09 04:22:05
sultan_bek,минус басам деп плюс басып алыпмын бул нажаска
-5
Baku88
2020-11-09 10:48:03
sultan_bek,Тенирин тескери айланып озун дагы тескери басып кал
+6
nazira...
2020-11-08 18:32:34
Катуу айдашат да, каяка шашышат билбейсин. Ажалы жетип калса качып да кутула албайсын. Жакындарына сабыр, сурактары женил болсун.
+23
bond02
2020-11-08 19:06:02
+100 км саат менен бараткан го экоо тен э.
+10
Mularamov
2020-11-08 19:49:38
Актатырдан раватка чейиндагы камера койуш керек окшойт
+7
Ais8
2020-11-08 20:51:15
Жаткан жерлери жайлуу болсун.Аллахым бейиштен насип кылсын.
+5
ninja82
2020-11-08 21:35:08
Аллахым озу рахматына алсын баарын. эээ,туугандар,шафёрлор астараак эле жургулочу трассада,беш минута эрте барбасанар,он беш минута кеч барасынар.
+8
KG_CH
2020-11-08 22:07:29
ninja82, астыраак же астараакбы, эгер астараак деген соз болсо мааниси кандай? Акырыныраак, шашпай дегенби?
-12
sultan_bek
2020-11-08 22:29:32
Жараткан Тенирим колдоп, ар кандай жаман кырсыктан сактасын
-20
velicanos
2020-11-08 22:38:11
sultan_bek, сен шайлоодо Арстан алайга добуш берсең керек гарантия
+10
Aiziyajazi921315
2020-11-08 22:41:40
Жолдо жургон ар бир кыргызымды Кудайым озу колдоп,уйлоруно аман эсен жетишсин! Окунучтуу,жаман кабар,жаткан жерлери жайлуу болсун
+11
SHahabidin-jabborov
2020-11-09 01:54:21
Ар бир адам баласын десек тура болмок!
+2
Almaz-pazilbaiuulu
2020-11-09 00:58:00
Бул жакта теңирчилер балалап кетиптир
+14
Afrodita1993
2020-11-09 12:39:31
Almaz-pazilbaiuulu, ошода Аллахтан коркпой жазып аткандарын
+5
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан