Кант шаарында Хонда Степвагон авто унаасы менен жүк ташуучу Камаз үлгүсүндөгү унаа сүзүшүп, үч адам каза болду. Маалыматты SUPER.KG порталына Чүй облустук Жол кыймылынын коопсуздугун көзөмөлдөө башкармалыгынын басма сөз кызматы тастыктады.
Белгилүү болгондой, кырсык бүгүн, 18-ноябрда болгон.
"Кырсыктан 3 адам каза болду. Канча адам жаракат алганы такталууда. Жабырлануучулардын баары тез жардам аркылуу ооруканага жеткирилди", - деди маалымат катчы.