super.kg logo

Менин жерим: Буурчак өспөгөн, ак кайыңдын суусун ичүү үчүн алыстан дагы эл келген Таластын Көпүрө-Базар айылы тууралуу баян кылабыз

 
"Менин жерим" рубрикасынын бул жолку чыгарылышында Талас районуна караштуу Көпүрө-Базар айылы тууралуу сөз болот. Айылдын өзгөчөлүктөрү, климаты, элдин чарбачылыгы жөнүндө SUPER.KG порталына жергиликтүү тургун Дастан Жоробеков баяндап берди.
Көпүрө-Базар айылы райондун борборунан 85 чакырым, ал эми облустун борборунан 75 чакырым алыс, деңиз деңгээлинен 1850 метр бийиктикте жайгашкан.
Ар кыл ой менен алпурушуп облустун борборунан 75 чакырымды басып келип айылга кирип келесиң. Карыялардын кебинде ушул айылдын сары талаасы илгери "Айдың-Көл" деген көл болгон дешет.
Айылдын күңгөй бетинде тоо таяна чыгып көз чаптырсаңыз айыл да, сары талаа да кооз көрүнөт. Күн чыгыш тарабы Каракол өрөөнүнө уланган Бакай-Таш чокусу, андан ары Үч-Кошой тоолору менен чектешет. Түштүк-батышында Шумкар-Уя тоосу тосуп, Жоголот бели түндүктөн ийилип курчап турат. Түндүгүндө Киндик-Таш кайгысы өр таяна Көк-Кыя тоолоруна келип кошулуп, Сары-Талаа ойдуңун өз түбүнө чөгөрүп турат. Бул мүмкүн уламыш сөздүр. Бирок Караколдун географиялык масштабы ушундай уламалуу жерде жайгашкан.
Дээрлик 1940-1950-жылдары көчө турмак көзгө саяр чырпык жок айдың талаа эле, бак-дарак өсүп, жер-жемиш деген кимдин оюна келиптир деп калышат.
Айылдын азыркы турпатына карап "өрөөндөгү чакан шаар" деп да айтып калышат. Миңден ашык окуучуга ылайыкталган үч кабаттуу мектеп, айылдын баш-аягында башталгыч класстар үчүн мектеп. Айыл өкмөтүнүн эки кабаттуу имараты, эки кабат маданият үйү, китепкана, спорттук зал, эки кабат бала бакча, оорукана бирине-бири ансамбль түзүп кичи шаарчаны элестетип турат.
Айылыбыз райондун борборунан алыс, кышкысын суук, негизинен айыл тургундары мал багуу жана жер иштетүү менен алектенишет.
Жазгы убакта ак кайыңдын суусун ичүү үчүн борбордон эле эмес, алыскы өлкөлөрдөн да туристтер келишет. Ошону менен бирге канча бир чакырымды ээлеген ак кайың токоюна эс алуучулардын аягы тыйылбайт. Буурчак өспөгөндүктөн картошка айдашат. Албетте, бул эч кандай кошулмасы жок, таза органикалык аймакта өстүрүлгөн. Көбүнесе боордош казак эли сатып алышат. Борбордон келген бир туугандарыбыз каптарга салышып, шаарга алып кетишет. Алар "силердин картошкаңарда өзгөчө даам бар, канча жесек дагы кайра-кайра жегибиз келет" деп айтып кылышат.
SUPER.KG порталы сиздин айылыңыз тууралуу кызыктуу баяндаманы чагылдырууга даяр. Сиз жашаган айылда же шаарда кооз жаратылыш, тарыхый баалуу жай, өнөрлүү адамдар барбы? Балким эл уга элек, көрө элек көп кызыктар сиздин айылыңызда бар чыгар. Аны бардык окурмандарга бөлүшүүнү, жумурай журтка жарыялоону сунуш кылабыз. Урматтуу окурман, сиз да айылыңыз тууралуу сыймыктанып айтып бергиңиз келеби? Анда SUPER.KG порталына +996 779 473 939 номерине WhatsApp аркылуу маалымат, сүрөт, видео жөнөтүңүз.
Ар бир айыл атак-даңкка татыктуу!


 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
156459;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Жибек Жолу проспектиси 381
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: