
"Менин жерим" рубрикасынын бул жолку чыгарылышында Жалал-Абад облусунун Токтогул районуна караштуу Чоңко айылы тууралуу сөз болот. Айылдан чыккан залкарлар, көз жоосун алган жаратылышы, эмгекчил, жөнөкөй калкы тууралуу
SUPER.KG порталына жергиликтүү тургун
Анаркалый Самарбеков баяндап берди.
Чоңко -Токтогул районундагы Кызыл-Өзгөрүш айыл өкмөтүнө караштуу айыл. Райондун борборунан 85 чакырым түштүк тарапта, Ош-Бишкек жолунан 23 чакырым аралыкта, деңиз деңгээлинен 1720 метр бийиктикте жайгашкан.
"Эсте турат эмикидей кечээгим,
Эске түшөт "айылың кайсы?" десе ким.
Азганакай кара талдар дүпүйгөн,
Айыл тоонун кармап алган этегин", - деп төкмө акын Элмирбек Иманалиев айткандай Чоңко айылы тоо этектей жайгашып, жайлоого кеткен чоң коонун оозунда, ортосунда көк кашка суу аккан эки беткей кырда жайгашкан, 150-200 түтүнгө чамалаш бир уруу айыл.
Айылда эки көчө бар десек болот. Бири айылды борбору менен туташтырса, бири айылдын чыгышы менен батышын бириктирип турат. Айылдын өзүнө жарашкан, элине ылайыктуу чакан 11 жылдык мектеби жана фельдшердик-акушердик пункту бар.
Чаң жолдон өсүп чоңойуп,
Чоң жолдон бакыт тапкандар.
Айылдан чыккан билсеңер,
Ааламга эшик ачкандар" - дегендей биздин айылдан кыргызга эле эмес, коңшу өлкөлөргө аттын кашкасындай таанымал, Кыргыз Республикасынын Эл артисти, ак таңдай төкмө акын, манасчы, обончу, дастанчы Элмирбек Иманалиев жана Кыргыз Республикасынын Жазуучулар Союзунун мүчөсү, акын, котормочу Карбалас Бакиров жана башка белгилүү инсандар жарык дүйнөгө келген.
Кыргыз Республикасынын Эл артисти, ак таңдай төкмө акын Элмирбек Иманалиев
Кыргыз Республикасынын Жазуучулар Союзунун мүчөсү, акын, котормочу Карбалас Бакиров
Айылдын жаштары бош убактыларында волейбол, футбол, көк бөрү жана башка спорт түрлөрү менен алек болушат", - деп Анаркалый Самарбеков айыл тууралуу айтып өттү.
Айылдын басымдуу бөлүгү тоолуу жана жайыттуу келгендиктен, айыл тургундары мал чарбачылыгы жана дыйканчылык менен алектенишет.
"Кыш мезгили 4-5 айга узак болгону эле болбосо, негизинен 4 мезгил өз убактысы менен келет. Дыйканчылык иштерине, суугат жерлерине Кең -Туулукка караган суу каналын жана өзөндүн суусун пайдаланышат.

Өрөөн таш доорунан баштап эле алгачкы адамдар тарабынан өздөштүрүлгөнүн, Кең-Туулук өзөнүнүн боюндагы Баратай-Ата үңкүрүндөгү жүргүзүлгөн изилдөөлөр өрөөндө 25-30 миң жыл мурда адамдар жашай баштаганын археолог Болот Юнусалиев далилдеген. Үңкүрдүн узундугу 18,4 метр, туурасы 7,3 метр, эң бийик жери 8,7 метр. Эл арасында айтылган уламыш боюнча үңкүргө элди, жерди коргогон Баратай баатырдын сөөгү коюлган. Археологиялык казуулар жүргүзүлгөн. Казуудан табылган материалдар жөнүндө маалыматтар азырынча бизге белгисиз. Баратай-Ата үңкүрү өрөөндөгү чоң мазар катары, азыркыга чейин зыяратчылар түнөп, сыйынышат. Үңкүр таш доорундагы маанилүү эстеликтерден болуп, аталышы да байыркы сактардын уламыштарында жана санжыраларындагы Таргитай, Муратай жана Баратай сыяктуу ысымдарга уйкашып турат. Уланган мүчө "тай" же "сай" - байыркы сак тилинде "улуу" же "башчы" деген маанини түшүндүрөт.


Кадимки Токтогул акындын шакирти, Элмирбектин чоң таятасы Эшмамбет Байсейит уулу 1928-жылы 58 жашында Кең-Туулук чөлкөмүндөгү Чечекти жайлоосунда кайтыш болуп, сөөгү ушул айылдагы Ак-Жар мазарына коюлган.
Капка-Таш көлү - Фергана тоо тизмегинин түндүк-батыш тармактарында Капка капчыгайында жайгашкан. Аянты 0,96 чарчы метр, суунун көлөмү 2 миллион 600 миң метр куб. Эң терең жери 50 метр. Капка-Таш өрөөндө деңиз деңгээлинен 2 миң 305 метр бийикте орун алган. Көлгө 7 өзөн куюп, андан агып чыккан суу Кара-Суу көлүн толуктап турат.
Чоңко айылы бийик тоолуу болгондуктан, тоолорунда илбирс, аюу, карышкыр сыяктуу сейрек кездешкен жырткыч жаныбарларды, бүркүт, ителги өңдүү алгыр куштарды кездештирүүгө болот.
Өзөндүн эки бетине көз чаптырсаң көк тиреген, бири-бири менен жарышкан аска-зоолор, күн нурларына чагылышып адамдын көзүн уялткан аска таштар, алардын түбүнөн өзүнүн тунуктугу, муздактыгы менен айырмаланып оргуштап агып чыккан ыйык булактар, өз-өзүнчө бөлүнгөн коктулар карап турган адамдын көз жоосун алып, жан дүйнөсүн тынчтандырып, эркиндикке, бийиктикке жетелейт. Сайларында да, дөңчөлөрүндө да кооздугу адамды жөн өткөрбөгөн, буркураган жыты каңшаарды жарып, дүйнөнү сулуулукка бөлөп турган аруу, назик, кооз гүлдөрү, түбөлүктүн символундай. Арчалар, карагай-четиндер, табылгы-шыргыйлар, ышкын-кымыздыктар, балтырканычы, деги койчу коктунун ичи не деген кереметтерди өзүнө камтыйт", - деп Анаркалык Самарбеков айылы тууралуу баянын аяктады.