"Менин жерим" рубрикасынын кезектеги чыгарылышында Нарын облусунун Нарын районуна караштуу Эки-Нарын айылы тууралуу сөз кылабыз. Эки чоң суунун ортосунан орун алган айыл жөнүндө жергиликтүү тургун Амангелди Сүйүналиев баяндап берет.
Эки-Нарын айылы Нарын районуна караштуу Дөбөлү айыл аймагына кирет. Нарын дарыянын эки айрылышынын ортосунда, суунун башында жайгашкан. Нарын шаарынан 45 чакырым алыстыкта орун алган айыл 1930-жылы негизделген. Айылда 1 мектеп, маданият үйү, китепкана, Фельдшер-акушердик пункт, бала бакча жана мечит бар. Климаты катаал десек болот. Кышы суук болуп, ноябрь айынан апрель айына чейин созулат. Жайы болсо серүүн, салкын келет. Нарын өрөөнүндөгү эӊ оор шартта жашаган бирден-бир айыл Эки-Нарын айылы болот.
"Алгач эле айылымдын атын уккандар кызыгып сурашат" деген Амангелди төмөндөгүчө айтып берди. Бул кыштактын оӊ жагынан Кичи-Нарын суусу, сол жагынан Чоӊ-Нарын суусу агып өтөт. Эки суу Куюш деген жерден кошулуп өлкөдөгү эң ири Нарын дарыясы башталат. Ошондуктан кыштак эки суунун ортосунда салынганы үчүн Эки-Нарын айылы аталып калган.
Айыл аксакалдарынын айтымында, эл көчмөн турмушта жашап жүргөндө бул жер Тынымсейит уруусунан чыккан Шопок деген кишиге тиешелүү болуптур. Шопоктун Айтбек деген байбичесинен туулган Чоробай аттуу адам туугандары менен жердечү экен. Бул жерди жаздоо, күздөө, жайлоо кылып, малын кыштатуу үчүн Тарагай, Арчалы, Орук-Тамга барган дешет. Кийин Чоробай Алжан, Буйлаш деген эки балалуу болот. Буйлаштын айтылуу акын уулу Арстанбек дал ушул Эки-Нарында төрөлгөн. Арстанбектин чоң энеси Ардак эне жайдын күнү Ак-Бел деген жайлоодон көз жумат. Ардак эненин сөөгүн төөгө жүктөп келе жатканда бир жерден төө чөгүп, боздоп баспай койгондуктан сөөгүн ошол жерге жашырышкан экен. Азыр айыл эли жайлоого чыгып жүргөн Ардакты жайлоосу Ардак эненин атынан аталыптыр.
Карыялар илгери 1800-жылдарда Эки-Нарындын талаасын чий басып турчу деп калышат. Чийдин бийиктиги атка токулуп турган ээрдин кашы менен теӊ болуп, мал аралаганда көрүнбөй калчу экен. Кийин эгин айдаш үчүн арыктар казылып, талаалар аз-аздан иштетиле баштаптыр. Ошондо Шор жайлоосунан Кичи-Кайракка чейин суу алып келген Жыргал арык элге кызмат кылган. Бул арыктын дагы билгенге тарыхы бар. Илгери Жыргал аттуу кыздын калыңын жеткирип баратышканда тик беттен мал учуп, эл күрөк, кетмен алып казыптыр.
СССР орноп, коллективдештирүү жүрүп, эл отурукташа баштаганда өлкөдө биринчилерден болуп, СССРдин коргоо министринин буйругу менен №53 жылкы зовод уюшулган. Ал убакта мыйзамда уюштуруу методу толук иштелип чыга элек болгондуктан Дондук казак орустардын методуна салынып түптөлгөн. Алар "Кыштак" дебей "Хутор" деп атагандыктан, кѳп жылдар бою Эки-Нарын хутору деп аталып турган. Жергиликтүү эл жылкыны көп кармагандыктан жылкы заводу уюштурулган. Бирок кийин 1950-жылдары жылкы саны азайып, уй багыла баштаган. Ал эми 1969-жылдан баштап айылда кой чарбасы ѳнүгүп, бѳлүмдѳ тубар койлор, ириктер багылып турган. 1962-жылдан баштап чарбанын аты Тянь-Шань мал-чарба станциясы болуп аты которулганда №3 Эки-Нарын бѳлүмү деп аталып калган. Союз тараганда гана Эки-Нарын айылы аталды. Союз маалында кыштактагы тамдарды орустар, калмактар, казактар, кара-чайлар карагайдан аштап салышкан.
Айылдын бүгүнкү турмушунан баян кылсак. Элет эли мал чарбачылыгы жана дыйканчылык менен алектенет. Айылыбызда дан эгиндеринен арпа бышат жана арпадан эӊ жогорку сапаттуу түшүм алынат. Ошондой эле картошка жакшы сапаттуу түшүм берет, анткени биздин жер кара топурактуу. Сабиз, кызылча дагы өстүрүшөт. Мал тоюту үчүн эспарцет, көк беде айдалат. Жапайы чөптөр коюу, узун болуп өсүп түшүмдүү болот.
Айылыбызды тоолор курчап, кооздукка бөлөп турат. Тоолордо карагай, четин, тал, арча, карагат, бадал, табылгы, чекен да өсөт. Мунун баары айылга жайкысын өзгөчө көрк берсе, кышкысын кар басып, ак карга чулганып калат. Ал эми эки жактан аккан Нарын суунун жээгинде арча-кайыӊ, тал-терек жана бадал чычырканак өсөт. Жайыт жана жайлоо деген кенен деп эле мактана алабыз. Айрымдарын жогоруда сөз кылдык.
Өлкөбүз эгемендүүлүк алган мезгилинен тартып айылда бир топ өзгөрүүлөр болгон. Жогоруда айтылган жылкы заводу жоюлган. Айыл эли бир топ жылдар бою бош калышкан. Ошол учурда каатчылыкты да, ачкачылыкты да көргөн бул айылдын элинин азыркы учурдагы жашоо шарты жакшы. Убакыттын өтүшү менен эл дыйканчылыкты жакшы өздөштүрүп жатышат.
Бул маалыматтар санжырачы Черикчиев Шаршенаалынын "Эки-Нарын айылы" аттуу китебинен алынган.
Акыркы жылдарда мамлекетибиздин назары бул айылга ооп, ар бир үйгө таза суу тартылды. Мындан сырткары айылдын көчөлөрү жарыктандырылып, кичи футболдук аянтча салынды. Быйылкы жылдын жыйынтыгы менен айылыбыз Нарын району боюнча чет өлкөлүк туристтерди кабыл алууда биринчи орунга чыкты. Бул да болсо айылыбыздын өлкөгө кошкон салымы деп эсептейбиз. Кылым карыткан айылыбызды көрүүгө кызыккандар үчүн биздин эшигибиз ар дайым ачык.