Менин жерим: Бугу, марал багылган Нарындын айтылуу Таш-Башат айылы тууралуу баян

"Менин жерим" рубрикасынын кезектеги чыгарылышында Нарын облусунун Нарын районуна караштуу Таш-Башат айылы тууралуу сөз кылабыз. Бугу-маралдын мекени аталган айыл жөнүндө жергиликтүү тургун Турар Сүйүндүков баяндап берет.

Таш-Башат айылы Нарын районуна караштуу Дөбөлү айыл аймагынын курамына кирет. Нарын шаарынан 35 чакырым алыстыкта жайгашкан. Айылда мектеп, ФАП, мечит, маданият үйү, бала бакча жана курулушу аяктап ишке бериле турган спорт комплекси бар. Эң негизгиси айылыбызга көптөгөн туристтерди тартып, атагын чыгарган Нарын мамлекеттик "Бугу-марал" коругу жайгашкан. Бул тууралуу алдыда кенен баяндайбыз...

Элет эли мал чарбачылыгы менен алектенет. Жерди дагы мал тоютун камдоо үчүн иштетишип, арпа, эспарцерт айдап, чөп чабынды кылышат. Ошондой эле картошка, сабиз көп айдашат. Айылыбызда жайгашкан мекемелерде иш орундары чектелүү болгондуктан, жаштарыбыздын көбү ички жана тышкы миграцияда. Андыктан айыл тургундары чарбачылык менен алектенишет. Чынында жайытыбыз кенен. малга ыңгайлуу болгондуктан мал чарбачылыгы жакшы өнүккөн. Айыл эли сапатына карап асыл тукумга акырындык менен өтүүдө. Ошондой эле, мал байлап семиртүү, сүтүн иштетүү иштерин дагы өздөштүрүп жатышат.

Нарын дарыясынын башы болгон кичи мекеним тоолор менен курчалган. Кышы суук, узакка созулуп, жайы салкын келет. Кооз жайлоолор жай көркүн ого бетер ачат. Андагы байланган жылкылар, тигилген боз үйлөр, кымыз ич деп чакырган кең пейилдүү адамдар көчмөн турмушту элестетет. Туристтерди дагы ушул көчмөн турмуш кызыктырса керек. Ал эми шаардан атайы сүт ичип, дарыланууга келгендер да көп болот. Айылыбызда жарандык активист Улан Үсөйүн "Altai hotel" аттуу туристтерге ыңгайлашкан мейманкана ачкан. Бул да болсо биздин айылга туристтердин көп келгенине далил десек болот.

Биздин айылдан чыккан белгилүү инсандар: "Чагылган" акын атыккан төкмө акын Болот Назаров, ырчы Эльзар Өскөнбаева, жарандык активист Улан Үсөйүн, окумуштуу, физик Дүрбөлөң Мамбетов. Мамбетовдун жасаган илимий-изилдөө иштерине кезинде Союздук республикаларда жана чет мамлекеттер дагы чоң маани берген.

Эмесе, биздин айылдын атын алыска таанытып келген “Бугу-марал” коругу тууралуу кеп кылалы. Мамлекеттик корук 1988-жылы уюшулуп, жоголуп бара жаткан Тянь-Шань бугу түрүн коргоону колго алган. Алгач жапайы бугу-маралдын музоолорун кармап келип, колго багып үйрөтүшкөн. Максаты - аталган жаныбарларды өлкө аймагына жайылтуу десек болот. Анткени бугунун бул түрү бир кезде өлкөнүн кеңири аймагын байырлап келген болсо, азыркы учурда Нарын капчыгайында гана калган. Сактап калуу үчүн уюшулган корукта 20дай бугу, марал бар. Кышкысын корук кызматкерлери бугу-маралдарга даярдалган чөп беришет. Эң кызыгы, ар биринин өз аты бар. Көрүүгө ашыккандар үчүн бул коруктун эшиги ачык.

Видеонун автору: Эсенгул уулу Асылбек

Таш-Башат
видео
Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан