"Менин жерим" рубрикасынын бул жолку чыгарылышында Нарын облусундагы Ак-Талаа районуна караштуу Кош-Дөбө айылы тууралуу сөз болот. Айылдын таржымалы, кооз жаратылышы, тарыхый баалуу жайлары жана өзгөчөлүктөрү тууралуу жаш активист Эрлан Смайыл уулу SUPER.KG порталына баяндап берди.
"Биздин айыл - Кош-Дөбө айыл өкмөтүнүн борбору. 1929-жылы негизделген. Нарын-Макмал унаа жолунун боюнда, райондун борбору Баетов айылынан 86 чакырым, Балыкчы темир жол бекетинен 386 чакырым, Нарын шаарынан 220 чакырым, Бишкек шаарынан 540 чакырым аралыкта жайгашкан. Түштүгүнөн Сузак, түндүк-батышынан жана түндүгүнөн Тогуз-Торо райондору менен чектешет. Деңиз деңгээлинен 2 миң 200 метр бийиктикте жайгашкан.

Кош-Дөбө айылы 1936-жылга чейин Мынагелди деп аталган. 1929-жылга чейин эл уруу–уруу болуп, ар кайсы жерде чачырап отурукташкан. 1931-жылы жерди шериктешип иштетүү (ТОЗ) уюму уюштурулган. Айыл өкмөтүнүн жалпы аймагы 967 чакырым. Калкынын саны 4 миң 337. Айылда 940 түтүн жашайт.
Тарыхый эстеликтери.
Мынагелди кербен сарайы – Кош-Дөбө айылынын түштүк-чыгыш тарабында жайгашкан. Алгач 1949-жылы А.Н.Бернштам изилдеген. XI-XII кылымдарга таандык эл оозунда Улуу Жибек жолундагы согуштук чеп болгон деп айтылат. Орто кылымдагы архитектуранын көрүнүктүү үлгүсү.
Кош-Дөбө байыркы көрүстөнү – Кош-Дөбө айылы ушул эки дөбөнүн атын алып жүрөт. 1940-жыл А.Н Бернштам биздин заманга чейинки IV-II кылымдарга таандык деп белгилеген. Казуу иштери жүргүзүлө элек.
Кош-Дөбө айылында орто мектеп, бала бакча, айылдык оорукана, дарыкана, клуб, китепкана, дүкөн, кичи футбол аянты, күрөш залы, маданий борбор, мечит бар.
Алабуга – Нарын дарыясынын сол куймасы. Узундугу 180 чакырым. Арпа жана Бычан суулары кошулгандан баштап Алабуга деп аталат. Башталгандан тартып 40 чакырымдай аралыкка Кош-Дөбө айыл өкмөтүнүн аймагы менен агат.
Бычан суусу - Алабуга суусунун сол куймасы. Узундугу 56 чакырым, суусу тунук агат. Өзөн агып өткөн өрөөн да жалпысынан Бычан өрөөнү деп аталат.
Арап өлгөн - Бычан өрөөнүнүн баш жагы тарабындагы бийик дөбөдө эски мүрзөлөр бар. Санжырага караганда, бул жерге Тайлак баатырдын колунан өлгөн Кокон хандыгынын аскер башчысы Араптын сөөгү коюлган.
Асказан - Мынагелди өрөөнү менен Жогорку Бычан өрөөнүнүн ортосундагы ашуу "Четиндин бели" деп аталат. Белдин түштүк-батышында аскадагы секиде ташка айланган идиш-аяк, казан, курут, токоч жана башкаларды көрүүгө болот.
Эргеш Мейманов атындагы орто мектеби үч корпустан турат. Мектепте 80 мугалим эмгектенип, 940 окуучу билим алат. Мектеп Нарын облусу боюнча өткөн 2012-жылкы кароо сынакта баш байгени багындырып, 2012-номерлүү Хонда-Одиссей автоунаасын жеңип алган.
Кош-Дөбө айылында Ала-Буга насостук станциясы иштейт. Ала-Буга суу боюна курулган. Анда секундасына 1 миң 200 литр суу чыгып үч айылдын дыйкандары суугат суусу менен камсыз болот.
Элдин дээрлик бардыгы мал чарбасы менен алектенишет. Дыйканчылыкка дан эгиндерин айдашат.
Айылдан илимдин докторлору, кандидаттары райондук партиялык кызматкерлер чыккан. Коомго таанымал алгачкы Тогуз-Коргоол федерациясынын президенти, түптөөчүсү жана физика илимдеринин кандидаты Абдисалим Чылымов дал ушул айылда жарык дүйнөгө келген. Ал эми азыркы учурдагы жаштардан айта турган болсок, республикалык "Бир адамдан бир китеп" долбоорунун негиздөөчүсү Бакай Акылбеков ушул айылдын кулуну", - дейт Эрлан Смайыл уулу.
Эң кооз жайлоолору: Бычан өрөөнү, Карагай-Төр, Кырчын, Арпа, Жылаңач Ак-Мойнок, Көк-Көл жайлоолору Күңгөй тоолору.
Айылдын өзгөчөлүгү.
Ак-Талаа жана Тогуз-Торо районунун чок ортосунда жайгашкан. Соода-сатык алакасы менен Өзгөн районуна ат жол менен каттам бар.
Дагы бир айылдагы жакшы жөрөлгө - 2 жылга чукул убакыттан бери айылдагы дүкөндөрдө эч кандай ичимдик сатылбайт. Бул айыл элинин демилгеси жана колдоосу менен ишке ашып келет.

Кош-Дөбөдө кышы суук, жайы салкын, кар оор түшөт. Кыш узак өкүм сүрөт.

"
Айылда Калдайган калкагар зоо Ак-Теке деп аталат. Бийиктиги 3 миң 877 метр. Алыстасам куса кылып санаамы,Сагынамын көркөм жайлоо талааныЖүрөк дегдеп Кош-Дөбөмө кайткандаТосуп алат Ак-Текемдин карааны деп Эламан Бердибаев агабыз айылына болгон сүйүүсүн, сагынычын дал ушул ыр саптарына кошуп кеткен.
Район борборунан өткөн соң, Жеңиштин кыясынан ак карлуу Ак-Теке жарымына чейин көрүнүп турат. Айылга келе жатканда алыстан ушул зоо көрүнөт.
Айылда кыш айларында "Айылым алтын бешигим", "Алтынчы күнү кечинде", "Ыр кесе" сынактары көчөлөр, муундар, мекемелер арасында байма-бай өтүп келет.
Чоң-Туз аймагында туздун запасы бар. Андан казып алып, малга татымал катары берилет. Жылуу-Суу булагында минералдуу жана жылуу суулар чыгат.
Дарылык касиети бар дартка даба өсүмдүктөрү:
Аркорот;
Алтын тамыр;
Уулжан;
Ак-кодол.
Башка аймактарда кездешпеген өзгөчө чымындык гүлү өсөт. Жергиликтүү эл муну жапайы роза деп да атап коюшат", - деп кошумчалады жаш активист.

Тоолорунда Кызыл китепке кирген күрөң аюу, сүлөөсүн, суусар ачкүзөн, кийик байырлайт.
Айылыбызда Улуу Ата Мекендик согушка 64 согуштун ардагери катышып келген. Баткен согушунун 3 ардагери бар. Апрель революциясынын баатыры Акылбек Ажымамбетов.

Айылда байма-бай белгилүү инсандар менен агартуу багытында жолугушуу семинарлар уюштурулуп турат.
"Айылдыр бирден бир миссиясы Кыргыз өлкөсүндөгү эң алдыңкы айыл өкмөтү болобуз. Китепкөй айыл болууга тынымсыз аракеттер көрүлүүдө", - деди Эрлан Смайыл уулу.
Мындан сырткары айылда коомдук уюмдар, аксакалдар кеңеши, аялдар комитети, ден соолук комитети жана жаштар уюму бар.
SUPER.KG порталы сиздин айылыңыз тууралуу кызыктуу баяндаманы чагылдырууга даяр. Сиз жашаган айылда же шаарда кооз жаратылыш, тарыхый баалуу жай, өнөрлүү адамдар барбы? Балким эл уга элек, көрө элек көп кызыктар сиздин айылыңызда бар чыгар. Аны бардык окурмандарга бөлүшүүнү, жумурай журтка жарыялоону сунуш кылабыз.
Урматтуу окурман, сиз да айылыңыз тууралуу сыймыктанып айтып бергиңиз келеби? Анда SUPER.KG порталына +996 557 473 939 номерине WhatsApp аркылуу маалымат, сүрөт, видео жөнөтүңүз.
Ар бир айыл атак-даңкка татыктуу!