Менин жерим: Касиеттүү жерлери менен өзгөчөлөнүп, төө буурчагы менен даңкталган Көк-Сай айылы. Айтылуу Манас чокусунун этегиндеги айыл тууралуу баян
SUPER.KG порталы сиздин айылыңыз тууралуу кызыктуу баяндаманы чагылдырууга даяр. Сиз жашаган айылда же шаарда кооз жаратылыш, тарыхый баалуу жай, өнөрлүү адамдар барбы? Балким эл уга элек, көрө элек көп кызыктар сиздин айылыңызда бар чыгар. Аны бардык окурмандарга бөлүшүүнү, жумурай журтка жарыялоону сунуш кылабыз.
"Менин жерим" рубрикасынын бул жолку чыгарылышында Талас облусундагы Кара-Буура районунун Көк-Сай айылы тууралуу сөз болот. Аталган айыл Казакстан менен чектеш жайгашкан. Жергиликтүү тургундардын коңшу эл менен болгон мамилеси дурус. Ал тургай кыз берип, уул үйлөп куда-сөөк болушкандары дагы жок эмес деген айыл тургуну Касым Чаргынов айылы тууралуу баян курду.
"Айылдын көркү жана сыймыгы - Манас чокусу. Дал ошол чокунун этегинде залкар жазуучу Чыңгыз Айтматов жарык дүйнөгө келген экен. Бул тууралуу санжырачы атабыз Сатий аксакал айтып жүрөт. Биздин айылдын бир кездеги көп улуттуулугу, ынтымагы мени алигиче таң калтырат. Авраам деген немис агай бар эле. Ал киши бал чогултчу, кийин бир топ кыргыздарга бул иштин жолун үйрөтүп кеткен.
"Айылыбыздан көптөгөн атактуулар чыккан, алардын бири - академик Оморбай Нарбеков. Ал Кыргыздын табигый ресурстарынан дары чыгарган, Союз мезгилинде алгачкылардан болуп элдик медициналык борборун ачып жетектеп, ар түрдүү чөптөрдөн дары жасаган. Ал кишинин дагы бир эмгеги Кочкордун малга берген 7 тыйындык тузунун дарылык касиетин далилдеген. Союздун стандарттык товарларынын катарына чыгарып, дары туздун даражасын көтөрүп 1 рубль кылган. Азыр да мумиё, жаңак, гармала, кызыл мыя жана башка чөптөрдөн дары чыгарат".
"Ордо демекчи, зыярат кылуучу жерибиз дагы көп. Кадимки Олжобай менен Кишимжандын жайлары биздин айылда. Манас ата Кытайдан жарадар болуп келгенде Сары-Үңкүр деген жерден айыккан экен. Азыр ал жерге барган адамдын кан басымы өзүнөн өзү калыбына келет. Биздин айылдын аймагына караштуу Дардаң дөбө деген жерибиз бар. Ал жерде Манас атабыздын чоң атасы Ногойдун сөөгү коюлган. Бул жердин касиети - тапкан-ташыганы жукпай, мээнети буюрбай калганда барса, ал адамдын мээнети кайтып, мал басат. Аз болсо дагы тапканы берекесин берет. Мындан тышкары Кайнар деген булак бар. Булакка жакшы ниет менен баргандарга бак конуп, балалуу болот деп коюшат. Ажыдаар таш деген жерибиз бар. Бул жер медицина айыктыра албаган оорулардан айыктырып, ар кандай жараларга даба болот. Дагы бир Аташ-Чапкан деген сырдуу жер бар. Ал жакка көбүнчө эркектер барып, күчтөнүп, пейили буйруктуу болуп ооматына жетип тунжурайт. Айта берсе айылда не бир батасы кетпеген кызыктуу, сырдуу нерселер көп. Жерденби, аба-сууданбы, айтор айылыбыз өзүнчө эле Санта-Барбара.
"Кош бол, Гүлсары" фильми биздин айылдагы аэродромдо тартылган. Мен бала кезде фильмдин массовкасына айылдын тургундары, бири калбай катышкан. Ал эми "Бетме бет" чыгармасынын каарманы Исмаил акени көрүп чоңойдук. Ал көздүү киши эле. Бир жолу семиз атка суктана койсо жаныбар тыпырап жатып калып, союп алган экен. Биздин айыл легендаларга бай айыл", - дейт Касым Чаргынов.
Жергиликтүү тургундардын көпчүлүгү мал чарбасы жана дыйканчылык менен алектенет. Айылдыктардын басымдуу бөлүгү төө буурчактын түрлөрүн, картошка, жүгөрү, арпа, буудай өстүрүшөт. Бир канча жылдан бери популярдуу болгон төө буурчактын баасы жылдан жылга төмөндөп, элдин мээнети кайтпай калууда. Антсе дагы климаты төө буурчак өстүрүүгө ылайык болгондуктан айылдыктар төө буурчак өстүрүп, керегине жаратып келишет. Акыркы жылдары дыйкандар алма, өрүк, кара өрүк өстүрүп, коңшу Казакстанга экспорттоого өткөнүн айыл тургуну Улан Мамбетов билдирди.
Учурда Көк-Сай айылында бир мектеп, маданият үйү, клуб, Кыргыз өлкөсүнүн эң биринчи оор атлетчиси, СССРдин спорт чебери Балтабай Шарипов атындагы штангисттердин спорт залы, грек-рим күрөшү боюнча СССРдин спорт чебери Канат Сыдыков атындагы эркин күрөш боюнча спорт комплекси, чоң жана кичи футбол аянты, оорукана жана чек ара заставасы бар. Көк-Сай айылы - таланттардын ордосу. Өнөрлүү адамдар көп, ырчысы да, диктору да, балбаны да, чечени да чыккан. Кыргыз өлкөсүнүн эң биринчи оор атлетчиси, спорт чебери дагы дал ушул айылдан чыккан. Анын машыктырган балдары спорттун чебери Айтбек Океев, Беренбек Базарбаев, Байыш Сыдыков, Азиянын чемпиону, эки жолу Олимпиадага катышкан Митал Шарипов болгон. Ошондой эле кыздардан чыккан штангист Жаңыл Океева дүйнөлүк олимпиадага катышкан.
Ар бир айыл атак-даңкка татыктуу!