Бишкек шаарында бүгүн, 22-ноябрда жеңил унаадан өрт чыгып, жалын башка унаага өттү. Бул тууралуу порталыбызга окурман билдирди. Анын айтымында, Турусбеков көчөсүндөгү көп кабаттуу үйлөрдүн алдында турган Мазда үлгүсүндөгү унаа күйгөн. Күбөлөр өрттү өчүрүүгө аракет кылып жатканда жалын Лексус-470 унаасын каптады.
Ал эми ӨКМнын маалымат катчысы Турусбеков көчөсүндө унаадан өрт чыккандыгы тууралуу маалымат түшкөнүн, саат 17:48де 1 бөлүм тартылганын билдирди.
Кошумча маалымат берилет.