Бишкек шаарынын Октябрь районунун акими коррупцияга шектелип кармалды. Бүгүн, 24- ноябрда бул тууралуу Финполдун маалымат кызматынан кабарлады.
23-ноябрда Финансы полициясы тарабынан Бишкек шаарынын Октябрь районунун акими К.К. кармалды. Ал буга чейин соттун чечими менен камакка алынып, конфискациялануучу жер участогунун ээсин чыгаруу жана өзгөртүү боюнча мурда аныкталган коррупциялык схемага катыштыгы бар экени айтылды.
"Жогоруда аталган коррупциялык кылмыш ишин тергөөнүн алкагында Бишкек шаардык сотунун жарандык иштер боюнча секторунун башчысы Ч.С. жана Бишкек шаарынын райондор аралык сотунун судьясы Ж.Н. кармалышкан.
2016-жылы айрым адамдар (кылмыштуу элементтер) материалдык пайда көрүү максатында, өз байланыштарын пайдаланып (президенттик аппараттын кызмат адамдары, Мамлекеттик каттоо кызматынын жетекчилиги, ошондой эле айрым судьялар жана сот тутумунун кызматкерлери), сот иштерин жана сот чечимдерин жасалмалап, соттун өкүмү менен конфискациялоого тийиштүү болгон мүлктөн камакка алууну мыйзамсыз алып салышкан.
Бул факты боюнча 319-берененин 1-бөлүгү (коррупция) менен кылмыш иши козголгон. Азыркы убакта бул кылмышка тиешеси бар башка жогорку кызмат адамдарынын жүргөн жерин аныктоо боюнча тергөө ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө", - деп айтылат маалыматта.