Баткенде орто мектептен өрт чыгып, күйүп кетти. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматынан кабарлап, өрт бүгүн, 7-декабрда чыкканын билдирди.
"Баткен облусунун Баткен районуна караштуу Чоң-Талаа айылында мектептен өрт чыккандыгы тууралуу маалымат саат 8:06 чамасында түштү. Өрттү өчүрүүгө жалпы 2 бөлүм тартылды. Кошумча маалымат берилет", - деп билдиришти мекемеден.