Ысык-Ата районуна караштуу Новопокровка айылындагы сарайдан чыккан өрттөн каза болгон 4 адам бир үй-бүлө мүчөлөрү болушкан. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
"Өрттүн кесепетинен 4 адам каза болгон. Алар балдары жана энеси болушкан", - деп билдиришти ӨКМдан.
Буга чейин, Новопокровкадагы өрттөн 1 аял киши 1995-жылы туулган, 1 кыз 2016-жылы туулган, 2014-жылы, 2017-жылы туулган 2 бала каза болгондугу кабарланган.